боюнча
- Атооч жөндөмөдөгү сөздөр менен айкашып, кыймыл-аракеттин бир нерсеге ылайык же бир нерсеге жараша экендигин, бир нерсеге негизделгендигин белгилөөдө колдонулат.
- Жалпылоо, чектөө маанисинде колдонулат.
- Атоочтуктун -ган мүчөсү менен айкашып, көбүнчө мезгилди, белгилүү бир абалды, себепти ж. б. билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Күндөгү кесибим боюнча бир күнү Бызаубак дегендин үйүнөн шыкаалап жатсам, ары жактан бирөө караңдап басып келип:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жолдошум күндөгү адаты боюнча, алдынан атып жөнөгөн коёнго:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Айтуусу боюнча жесир аял шакекти кошуп, тасторконду алып барат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Кемпири макул болуп, хандын акыпы боюнча бал жана уу ачытат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Бала сүйүнгөн бойдон ага жүгүрүп барып салам айтса, жигит атына камчы уруп, чү деген боюнча кетти.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →