боштондук

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Эркиндик, азаттыкка чыккандык, теңдик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Бара жатып үйдөгүлөрдүн абалын ойлодум, өзүмдү бир боштондукка чыга түшкөндөй сездим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мага караганда ушул эшектер боштондукта жүргөн өңдөнүп көрүнөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мына мында бир моюну күрсүйгөн күрөң бука жердин астынан унчуккандай алда кайдан күңгүрөнүп келип, боштондукка семирип, жерди челип, күчтүү буту менен топуракты жонунан алыс чапчып ыргытып турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кан башыма боштондук берсе экен деп, боштондук сураган элем. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →