бошоң
- Бош, алсыз, бекем эмес, борпоң.
- Кайратсыз, начар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ «Такырбаш» чапса кылычын, / Байлаган торду кесет, деп, / Сейитимдин Бекбача, / Бошонуп тордон кетет, деп / Бекбача тордон кутулса, / Ишибиз болот бекер, деп, / Сегиз хан эли кырылбай, / Тирүү кантип кетет, деп, / Карасурду тепкилеп, / «Такырбашты…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…Кененим, / Испандын жолун жакалап, / Тууралап жөнөп алыптыр, / Келаткан утур алдынан, / Саламат чыгып калыптыр, / Кененимди көргөндө, / Салам айтып салпыйып, / Бошоң тартып шалпыйып, / Учурашып калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Көмүскөгө байлап кел, / Бошонуп кетип калат, деп, / Мажикти баатыр жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Чатактан бошонгон соң уйларды алдыма салып алып, күндөгүдөн алыс кеттим.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Алар ал жерден эптеп амалын таап бошонуп чыгышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →