бошо

китептерде 115 жолу, 10 китепте
  1. Бош калуу, кызматтан, иштен түшүү.
  2. Белгилүү бир мөөнөттөгү милдеттүү кызматты өтөп бүтүү.
  3. Жумуш иштелип бүткөндөн кийин же белгилүү бир убакытта, арачолодо бош болуу, өз бетинче болуу.
  4. Идишти же башка бир нерселерди ичиндегилерден арылтуу, ичи бош же ээн болуп калуу.
  5. Азаюу, бошоп же абдан аз боло түшүү.
  6. Боштондук алуу, эркиндикке чыгуу, эзүүдөн, кулдуктан, эрксиздиктен, ж. б. кутулуу.
  7. Кармалып жаткан абалдан кутулуу.
  8. Бош, борпоң болуп калуу.
  9. Алы кетүү, алсыздануу.
  10. өт. Кайрат кылбоо, кайратсыздануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Усун менен маңгыттан, / Келген киши үч экен, / Жазган каты бул экен: / “Усундан келдик үч миң кол, / Маңгыттан келдик эки миң, / Кеңколдоку коргонду, / Бошотуп бизге бергиниң, / Кол куушуруп келгиниң, / Бекбача эле эрениң, / Бекбачадан айрылдың, / Эми, кыргыз, не дейсиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мадана менен Мадыбек, / Мыкты болсо Чигитей, / Бошотуп сени алсын, деп, / Мойнунан талга байлатып, / Жылаң айак, жылаң баш, / Жаш балдарга айдатып, / Карагандын барысын, / Таң калтырып жардатып, / Тигинтип келе жаткамын, / Алардын өңүн саргартып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жөө күрөшүп он беши, / Муунуңду бошотот, / Жалгыз кылды жара атат, / Он беши жебе жаа тартат, / Жаның кантип жай табат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Байлаган менен Чубакты, / Алып кете албады, / Болгун, тарткын, болгун, деп, / Бабырашып жатканда, / Баатырыңдын ач албарс, / Ага сыйкыр даарыбас, / Тирүүлүктө пендеге, / Мындай сонун табылбас, / Кынынан тартып алыптыр, / Кызыл кыргын салыптыр, / Бошотуп тордон ошондо, / Кутулуп Чубак калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ушунун обонунда бир терең сыр бардай, кечке жакын сайды жаңыртып салган эркин обону менин жүрөгүмдү козгоп, касирет-кайгыдан бошотуп, алдакайда көтөрүп сергитип таштачу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →