бош
- Ичи куру, ичинде эч нерсеси жок.
- Кандайдыр ишке, жумушка тартылбаган, бекер.
- Байланууда, кайтарууда эмес, эркин.
- Ээленип же менчиктелип коюлбаган.
- Жүксүз, жүк жүктөлбөгөн же үстүнө бир нерсе салынбаган.
- Ээн, эгини, бак-дарактары, үйлөрү ж. б. жок.
- Бошоң, бири-бирине катуу бирикпеген, катпаган, көпшөк.
- өт. Борпоң, чыйрак эмес, кайратсыз, жумшак.
- Жүрөгү майсыз, мууну бош Жаманды эмне кыламын («Манас»).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чакмакташ колу бош калды, / Сууруп алды кылычын, / Башын кесип алганы, / Жан талашып бадирек, / Колун серпип салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Урматтуу казак элиңди, / Өзгө журтка кар кылып, / Жайнаган колуң бул турса, / Калкыңды ага зар кылып, / Басарга калбай бош жери, / Кең дүйнөсүн тар кыл, / Бул кылышың жакшы эмес, / Арамдык кылган мен эмес, / Адал ашка күмөнсүп, / Сен Медеркан, киши эмес!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…тыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жашы бош кетип, / Мурдун тартып шор этип, / Маңкалары чубалып, / Эми өлдүк бүт дешип, / Кененимге кезигип, / Кетти деп башым кесилип, / Кеп кылалбай турганда, / Кейпин …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кебин таштап кыз болуп, / Көлдү ойноп кечүүчү, / Мезгилинде Көкмончок, / Кеңколго келсе көлдү издеп, / Мурункудай бош эмес, / Жер кайнаган эл жүрөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Үлдүрөп сүйлөгөн сөзүнө, кыймылына караганда жүүнү бош неме болсо керек.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →