бото1
- Төөнүн тайлакка чейинки жаш төлү.
- өт. Бала.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манжудан кегим алам, деп, / Аттанаарда Бекбача, / Элге айткан нускасы: / — Ашмура башы Жети төр, / Жердеген элим баарың кел, / Куру келбей келгиниң, / Ак бозунан бээ болсун, / Аксарбашыл уй болсун, / Ак сүт бото төө болсун, / Кочкор, козу, кой болсун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кадырың билер жан ошо, / Аралашкан ал жошо, / Ханзаданын бардыгы, / Жанында жүрөт аа кошо, / Бейилиңди билер бий ошо, / Биригип кетер кил бото, / Бекзаданын баарысы, / Бетинде жүрөт аа кошо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өзү баатыр, сом даалы, / Бойу узун далдагай, / Кара сакал, бото көз, / Бакырып келет Токтосарт, / “Баатырым” — деп, үн баспай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кантип тынсын Калдуубет, / Уландарын кул кылбай, / Босого маңдай, бото көз, / Жубандарын күң кылбай, / Намысын кыздын кетирип, / Жер тиктетип кем кылбай, / Айап койбойт душмандар, / Аргымакты тер кылбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
– Мен баласызга бала болоюн, ботосузга бото болоюн деп жүргөн жанмын, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →