борсулда
- Борс-борс этип күлүү же үрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лдап, / Казы-карта, май салып, / Конок келсе каркыттап, / Карчыга, уча, жал салып, / Ап-аппак кылып казанга, / Кардай кылып май салып, / Тамашалап бир-бирин, / Борсулдашып күлүшүп, / Урматташып карылар, / Бирин бири сүйүшүп, / Сагынышкан немедей, / Мойундашып көрүшүп, / Кемпирлери келишип, / Бирин-бири өбүшүп, / Бир кемпирди бир …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Болот, Бакай, болот, — деп, / Борсулдап Кошой күлдү эле, / Кол куушуруп Каныкей, / Жүгүнүп карап кирди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Борсулдап күлүп Кененим, / Эпсиз катуу сүйүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жакын жетип барганда, / Жалт этип карап Жамгырчы, / Гүлүстү көрө салганда / Жиберди күлүп борсулдап: / “Айланайын Гүлүс, ай, / Билесиң кыйын жумуш, ай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кайра тартып Сомбилек, / Туу жайган жерге барганы, / Күчүктөрү кыңшылап, / Жойлоп чыкты алдынан, / Борсулдап үрүп үн салып, / Ойноп чыкты алдынан, / Карап көрсө күчүгү, / Айбанаттар кутулуп, / Кетер эмес оозунан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →