борпулда

китептерде 2 жолу
  1. Көпшөк, жумшак нерсе, чаң ж.б. борпоң абалда же буртулдаган абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күн жылуучу кез жетти, / Опсуз жааган калың кар, / Жер карайып кетпеди, / Үчтүн айы кез экен, / Алты ай али бүтпөдү, / Токойдун жээги көктөдү, / Баскан изиң борпулдап, / Жер көгөрүп көпкөнү, / Бакай айтат бир кепти, / Манас, Чубак болушуп, / Абыдан чындап кеңешти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аңгычакты артынан, / Айкөл Манас баш болуп, / Кырк баатыр бирге кошо бар, / Кобурлуунун бары бар, / Бакай абаң кары бар, / Кыргыл чалы дагы бар, / Айчыгы алтын туу кармап, / Черүүнү көрүп токтолду, / Ортосу талаа кең болду, / Бет келишкен майданы, / Борпулдак жумшак шор болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →