борошоло

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Кар боройлоп жаап кирүү, борошо болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…н, деп, / Жылга жолборс быйыл, деп, / Жолборс сындуу азамат, / Тирүү калыш кыйын, деп, / Жолборс жылга келгенде, / Уруш болсо эр өлөт, / Эр өлбөсө жут болуп, / Борошолоп мал өлөт, / Тактадагы хан өлөт, / Катардагы жан өлөт, / Малга келсе жамандык, / Азы калып көбү өлөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…тей – / Эр беттешип жатыптыр, / Бирөө каман, бирөө шер, / Тең беттешип жатыптыр, / Бири бөйөн, бири чайан – / Заар беттешип жатыптыр, / Токой күйүп тумандап, / Борошолоп жамгыр жаап, / Каар беттешип жатыптыр, / Алдында минген аттарын, / Кара баткак жуурулуп, / Суудай тери куйулуп, / Тей беттешип жатыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
жок, / Конорго куйрук адат жок, / Чын амалым кетти, деп, / Мунтпесем ажал жетти, деп, / Күндү жайлап жаадырап, / Сасык тумун түшүрүп, / Шамал болуп ышкырып, / Борошолоп зырылдап, / Шамал чыгып зуулдап, / Кабаган иттей ырылдап, / Жердин бети кар болуп, / Аппак болуп зымырап, / Ой, түзү жок билинбей, / Көз тайгылып жымырап, / Ту… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жамгырдай түшкөн от келсе, / Жайнаган кызыл чок келсе, / Үч имерип булгала, / Ок тийип киши өлбөйсүң, / Жайнаган чокко күйбөйсүң; / Борошолоп күн жааса, / Бургуйлап шамал каптаса, / Туман болуп боз түшсө, / Күн көрүнбөй түн түшсө, / Бөлүнбөсүн көөнүңөр, / Манастап ураан чакырып, / Көйнөктү желпип көр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айдап келген булуттар, / Борошолоп буркурап, / Айабай жаап куйду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →