борошо

китептерде 25 жолу, 8 китепте
  1. Бороондоп жааган кар, бурганак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Астыртан өөдө караса, / Төбөдөн ылдый шарылдап, / Борошо жамгыр куйулат, / Кыйалы кетет кырк бөлөк, / Кылымга келчү бар нерсе, / Бири калбай туйулат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…лген, / Даңгыл тууган Кененим, / Тогуз жаштан бер жака, / Тоодой нечен дөө сайып, / Азуусун айга бүлөгөн, / Ааламды ьузар эр сайып, / Күндөй тийген табы бар, / Борошодой каары бар, / Көргөн адам жалтайган, / Ажыдаардай заары бар, / Андай нечен эр сайып, / Адис болгон Кененим, / Бул Дабытай канчалык, / Калыбекче жок турат, / Бай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Элге айтып байанды, / Жакшылап күндү жай алды, / Салакалуу жай ташты, / Салып сууга байлады, / Асмандагы булутту, / Шамал козгоп айдады, / Шыбыргактап борошо, / Алай-дүлөй күн жаады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тоотору аты чыкканда, / Аңтарылып жер асман, / Борошо болуп ызылдап, / Жамгыр куйуп жаткандай, / Сасык туман көргөзбөй, / Каптап жерди баскандай, / Коморулуп дүңгүрөп, / Алатоо кулап аткандай, / Шамал чыгып дүрүлдөп, / Жыгачтын баары күрүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жел бардык күчүн жыйнап келип урганда, жаман үзүк делпилдеп, үйдүн жыгачтары кычырагандай болот, ирегеде чийдин бир жыртыгынан эрегишкендей борошо кирип, айдап алган карды коломтого чейин буркуратып таштап турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →