бороон
- Кар аралаш соккон катуу шамал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кабаттап темир тон кийди, / Каарын төгүп заар менен, / Борошо жамгыр жаан менен, / Кара куйун бороондой, / (Как белгиси ошондой) / Баатырга чыгып беттешти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Үч которуп сакчыны, / Агарып сүрүп таң чыкты, / Айбаттанып Айжаңжүн, / Тоодой караан кан чыкты, / Арт жагынан бороондой, / Уйулкуган чаң чыкты, / Атагы алаш жагынан, / Сыргак деген тың чыкты, / Ылайык келсе барсам деп, / Ынтылып турат көп мыкты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бороон болгон немедей, / Көр Кыйаздын көзүнө, / Токсон канча кубулду, / Ошол кезде ченебей, / Аңгычакты Айчүрөк: / — Ай, ай, балам Сейитек, / Менден уккун акыл кеп, / Атаң Кыйаз ат бербейт, / Ат берсе да бат бербейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Карагай, кайың, тал, терек, / Бороон, шамал урса да, / Шоодурабай дарак, таш, / Тилден калып унчукпай, / Дымыгып кетти кара жер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Нечен бир карлуу бороон, калайман түндөрдө почто келип калып, жылуу төшөктөрүнөн атып туруп, уйкулуу көздөрү менен чананын (почтонун) алдына чолокторун кошуп алып, жөнөгөн күндөрүн сураба...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →