борокто

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Борк-борк этүү, боркулдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Канжыгага жанына, / Найзаны күүлөп сундуруп, / Качырып кирди чамына, / Кудай бетин салбасын, / Таңгуттар чыдап тура албай, / Чакмакташтын каарына, / Казан асса бороктоп, / Кайначудай көрүнөт, / Көзүнөн чыккан жалынга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алоолонтуп от жагып, / Казанга куйуп суу асып, / Кемеге кылып жер казып, / Бороктотуп кайнатып, / Үстүнөн ылгап шор калпып, / Андан кийин ичебиз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Абал мурун жасады, / Чаба турган кылычын, / Сегиз киши барсканчы, / Сегиз киши балкачы, / Барскан жанса балкалар, / Ширөө чыгып шырылдап, / Жалын учуп чырылдап, / Отто темир бороктоп, / Кайнап жатат быжылдап, / Балта менен барсканчы, / Тер чубуруп жымылдап, / Бел кырчоодон казган жер, / Көлчөк болуп чылпылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ийри-буйру кара суу, / Илебинде кырчыны, / Найза сайса бойлобойт, / Ирими кайнап бороктойт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →