бордо3
- Күчсүзүрөөк кызыл шараптын түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Казактар турсун камынып, / Тигип берчүү үйүнө, / Бордогон кийиз жабылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Капсалаңдап калп эле, / Калдалаңдап жүгүрүп, / Жасап алган сарайын, / Ичи-тышын бордотуп, / Мейман келди болгун, деп, / Үйүнүн ичин оңдотуп, / Үй-бүлөсүн шаштырып, / Дасторконун жаздырып, / Дүр-дүнүйө, жер-жемиш, / Алып келип чачтырып; / Сары канты…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тышын аппак бордогон, / Ичин кызыл сырдаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ичин кызыл сырдаган, / Тышын аппак бордогон, / Жүрмөк болду чунагың, / Каныкейдин ордодон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Айтса-айтпаса Абыке, / Ачкан карын ток болду, / Аш кайгысы жок болду, / Сомбилекти караса, / Турган экен ордунан, / Оңдонуп тонун кумтунуп, / Кыпкызыл өңү нур толуп, / Туулга башта мултуйуп, / Семириптир Сомбилек, / Бордогондой тултуйуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →