борбуй
- Дененин жука чурайдан сан жакка өткөн бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, / Маана болор элге, — деп, / Баш душманым кангайлык, / Калдагай кулак эле, — деп, / Куткарбайын аны” деп, / Аттын изин кубалап, / Артынан түштү Кененим, / Кең куланы камчылап, / Борбуйдан тери тамчылап, / Омбул-домбул түйүлтүп, / Ой-дөңү жок жүгүртүп, / Опсуз катуу жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жолу каткан Оронгу, / Орто тоодой чоңдугу, / Тай торпоктой бар экен, / Кар жиликтин борбуйу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…гарбай, / Семетейди жейин” деп, / Бар күчүн жыйнап бойуна, / Түкүрүнүп колуна, / Табарсыктын башы деп, / Болжоп абаң боруна, / Алдындагы тосурду, / Тартып ийип борбуйга, / Мадыкүл деп бакырып, / Бадыректин үнүнөн, / Как айрылып кара жер, / Суулар чыкты чачылып, / Тоосур аттын даңканы, / Топону көккө сапырып, / Кар менен качыры…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Аркар айак кул жасан, / Бото борбуй кең соору, / Булчуңу бука мойнундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кийин борбуюн көтөрүп алган соң, элден биротоло кол үзүп, дайнын таптырбай кеткен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →