борбор
- Ордо сызыгынын ортосундагы хан менен чүкө салуучу жери.
- мат. Айлана тегеректин дал ортосу, фигурадагы сызыктардын кесилишкен точкасы.
- Бир нерсенин, белгилүү бир мейкиндиктин орто жери, орто бөлүгү.
- Кандайдыр бир өлкөнүн, мамлекеттин, республиканын, райондун ж.б. администативдик, өнөр жай, маданий ж.б. мааниси бар шаары, же калк орношкон пункту.
- Жетекчиликтин, башкаруунун ж. б. борбордук органы, жогорку орган.
- өт. Кандайдыр бир маселенин, нерсенин негизи, чордону, уюткусу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кеткен экен деп угам, / Анда Көкүн бар болсо, / Бара алат беле борборго, / Кол сала албайт болучу, / Кызыл мастен ордого.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Шоорук катты көтөрүп, / Тактысы жаткан жерине, / Хан Кыйаздын коргонго, / Чоң Толтойдун борборго, / Багыш хан жатчу ордого, / Ээ болду Шоорук ошого.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Хан Манастын үйүнө, / Хандар келди чогулуп, / Залдын баары сарайда, / Сандаган черүү айылда, / Чоңдун баары борбордо, / Чогулган черүү айылда, / Кечиндеси Каныкей, / Дагы келди байагы, / Төрт баатырдын жанына, / Кеп бар айтар жадында:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сейтек менен Айчүрөк, / Кыйазга келди ордого, / Гүлчоро кетти жапжалгыз, / Кеңколдогу коргонго, / Ак калпак кыргыз алашка, / Айкөлдөн калган борборго, / Муну мындай таштайлы, / Олободой Кыйаздын, / Өлгөнүнөн баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эл чогулган коргонун, / Кара кыргыз борборун, / Жалпайта басып өттү эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →