боорукер

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Кайрымдуу, мээримдүү, ырайымдуу жан тарткыч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бүгүн жатып дем алгын, / Эртең менен кыргызга, / Эрегишип сен баргын, / Өткүр кылыч жой болот, / Жойкуманы колго алгын, / Мыктысынган Кененим, / Төбөсүнөн тең жаргын, / Боло албай кетип баратсаң, / Боорукер кишиң мен бармын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…тук жеп шаарынан, / Алптын баарын сойдуруп, / Куру кол болуп баарынан, / Таажысы бар башында, / Ажырап алтын тагынан, / Мөмөлүү жыгач багынан, / Жашыл жээк эли боорукер, / Сен түшүнгөн абыдан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Качан да болсо аял боорукер келет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →