боортокто2
- Үстөмөнүнөн түшкөн абалда болуу, боорун жерге тийгизген абалда болуу, үстөмөнүнөн түшкөн абалда жылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…олкуган дайра сел болдум, / Тоо менен бүгүн тең болдум, / Кем-карчы жок ишинде, / Телегейим тең болдум, / Улуктугум билинсин” – деп, / Бутун жерге тийгизбей, / Боортоктоп кирсин, деп, / Буйрук кылды келсин, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Буркан, Буркан дегени, / Боортоктоп жүргөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…н калса кулжа уктап, / Сырын билген Алмамбет: / — Баатыр Чубак, келгин, — деп, / Кадимкидей бул жерде, / Байкап өзүң тургун, — деп, / Өтүктү чечип байпакчан, / Боортоктоп жөнөйүн, / Болжолго карай өңүттөп, / Кулжаны атып көрөйүн, / Өтүгүн чечип Алмамбет, / Жыла түшүп караса, / Акбалтанын Чубагы, / Келе жатып жанаша: / — Айланайы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…инип, / Бойу өсүп чыккансып, / Туш-тарапка керилип, / Үйрүлүп үйгө токтобой, / Жашуучудай демигип, / Жетип барып булакка, / Токтоно албай желигип, / Жата калып боортоктоп, / Башын салып жиберип, / Тойо жутуп булактан, / Карды чыгып челейип, / Мурдагы Гүлүс кептенип, / Тура калды делейип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Уйадан түшүп балапан, / Боортоктоп жатып калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →