боорсок

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Көбүнчө ачыган камырдан төрт чарчы же сүйрүрөөк майда кесилип, майга бышырылган нан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жайдын күнү болгондо, / Айран- жуурат, каймак, бал, / Күндүз- түнү жегени, / Кысыр эмди азоотай, / Сүткө бышкан коозудан, / Кыштын күнү жегени, / Кеткен кызы, куыйма жал, / Майлуу уча, карчыга, / Сары май, бал, экчеме, / Боорсок, куймак, токоч нан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Боорсок менен куймакка, / Болгунча жеп тойгон жер, / Чындыгында эр Манас, / Жалпайа көчүк койгон жер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эшик ачып киргизип, / Эптүүлүгүн билгизип, / Эзген курут, кошкон май, / Боорсок, токоч дапдайар, / Дастарконго койду эле, / Кыйарлык менен Алмамбет, / Кыраанга назар бурду эле, / Тап бүркүттөй кылыйып, / Дастарконго кол салбай, / Тартынгансып турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айабайбыз малды, деп / Кененимдин жалгызы / Жашында өлүп калды деп, / Сүт бото тайлак төө сойуп, / Тай мойунча уй сойуп / Табак-табак эт толуп / Челпек,куймак,боорсогу, / Дөбө дөбө топ болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Алдына килкилдеген козунун эти, кымыз, боорсок дебей жайнап келди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →