боордош2
- Жакындык, боордоштук сезимде болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тоңкойуп аттан жыгылды, / Топого башы тыгылды, / Этек-жеңи жайылып, / Калдалаң аттан кулады, / Калдалаңдын боордошу, / Кортоң карап турбады, / Баатыр төрө Асылга, / Качырып найза сунганы, / Айбатын көрүп маңгыттын, / Бала төрө жолборстун, / Балбандыгы кармады, / Мен-мен деге…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сүрөтүн тамга толтурган, / Малдаш уруп олтурган, / Алтымыш кечил кашында, / Кол куушуруп тик турган, / Жыңзы ташын тагынган, / Тоту куштун куйругун, / Он эки түрдөп сайынган, / Кыл такыйа кызыл чок, / Кылымда мындай бенде жок, / Молдо көрсөң Бейжинден, / Ал мен байкуштун боордошу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →