боор
- Өттү жана тамак сиңирүүгө керек болгон заттарды иштеп чыгаруучу адамдын жана айбандын ички органы, мүчөсү.
- Төш тарап, көкүрөк жак, ич жак тарап.
- Тоонун, жардын, дубалдын ж. б. капталы, бети.
- Белгилүү бир жердин аймагы, айлана чөйрөсү, өрөөнү.
- Бир тууган, тууган, тукуму, теги бир.
- Жүрөк сезимин, кишинин көңүлүн, боорукерликти, жакын санагандыкты билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ичи ачып, боор ооруп, / Кары-жашы дебестен, / Утуру келген немесин, / Боорунан кармап тилели, / Тулпарын кармап минели, / Тузуна мунун сийели, / Манасынын күмбөзүн, / Отко жа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…и тасма тилейин, / Кутурупсуң, Кененим, / Көөкөрлөп каның ичейин, / Айтканыма жетпесем, / Найзага илип кетпесем, / Өзөгүңдөн жарбасам, / Өпкө бооруң албасам, / Бооруңду чокко салбасам, / Жүрөк каның ичейин, / Каныңа кылыч майласам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Серек, Сыргак жаш эле, / Сыргагым жылкы баш эле, / Тышка кебек алдырбас, / Улоого нокто салдырбас, / Өзү чыйрак бала эле, / Серегим боору таш эле, / Ача туйак малыма, / Алтымыш үйгө баш эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жана айтса жана кеп, / Канчородон сураса, / Байакы айткан ошо кеп, / Элдер турат чуркурап, / Атынан айтпай Бакайды, / Олуйам бизге бергин, деп, / Кетели деп кескилеп, / Өлтүрүп ийсек экен дейт, / Боор сыртка тепкилеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Хан Кыйазы баш болуп, / Канчоронун ант урган, / Эрибей боору таш болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →