боолуу

китептерде 11 жолу, 6 китепте
  1. Боосу бар, боо тагылган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көрүнөө айткын баарыга, / Ар качан уруш болгондо, / Жүрөсүң шибе алдында, / Башың боолуу кулсуңбу, / Же манжу менен моңгулга? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Оодармалуу шум дүйнө, / Оодарылган бир күндө, / Олжого келген Айчүрөк, / Толтойдун уулу Кыйазга, / Баш боолуу болуп бир күндө, / Баш байланган Гүлчоро, / Как далыдан тештирген, / Кечир сөөгүн кестирген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Деп айтканда Гүлүстөн, / Кудай урсун Сарыбай, / Кутурган иттей ажылдай, / Межиндей каңшылай: / — Сен Алмамбет уулу болгондо, / Башың боолуу кулусуң, / Атаңдан калган мурасың – / Кыргызга кызмат кылшың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алтын боолуу ак туйгун, / Алтын боосун чечти эми, / Айды көздөй сызды эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
бар, / Кара кытай канча бар, / Андай нечен калча бар, / Уруусун калган унутуп, / Канча-канча барча бар, / Моңгул менен манжудан, / Андан башка калганы, / Башы боолуу калчалар, / Айтылбай нечен калган бар, / Кошмо журттан чандан бар, / Айдап келип моңгулдар, / Кулданып алган андайлар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →