боолук

китептерде 35 жолу, 8 китепте
  1. Орулган чөптү, эгинди байлоо үчүн жасалган боо.
  2. Илмеги бар же илип коюуга ылайыкталган ар кандай боо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ичегиси иймелип, / Каны-жини аралаш / Жерге түштү сүйрөлүп, / Боолук салып мойнуна, / Калдык кетти сүйрөтүп, / Чакмакташтын тыш тонун, / Чечип Калдык алганы, / Кошуп алып найзасын, / Калдык кетип калганы, / Бүгүн эртең келет деп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жедигердин Шоорук хан, / Караңгынын чапанын, / Калкалап башка жамынып, / Кылганы түшүп эсине, / Кыйаматтык кыл боолук, / Мойнуна калды тагылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Арпа көмчүү немедей, / Ороо казып көрөсүң, / Жылкы кармап жаткансып, / Боолук салып багасың, / Баарысын кылды Кикимат, / Ойлоп көрчү, Чойун алп, / Кайда кеткен уйатың?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жете келип Алмамбет, / Агышты атка мингизип, / Айалдай чапкын, баатыр деп, / Адамга керек акыл деп, / Атынын башын бурганы, / Салдырбай боолук мойнуна, / Урушуп айкөл турганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алып келген боолукту, / Бир башын тиштеп бекемдеп, / Аскадан салды бир башын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →