бооз

китептерде 44 жолу, 8 китепте
  1. Ичинде баласы бар, жүктүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Колуна тийген кыргыздын, / Бооз катынын жарыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыйбай жаным турамын, / Ак калпак кыргыз элди деп, / Айкөлдөн калган энчиге, / Кеңкол, Талас жерди деп, / Туула электе Көкжалдын, / Түйшүгү журтка угулган, / Калмактын ханы Алооке, / Кыргызда катын бооз болсо, / Кычыртып келип кырдырган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Карап жүргүн сен бетин, / Бооз болор болсо белгиси, / Калат бетин нур чалып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайыпчалдын алганы, / Айына жакын калганы, / Акыл ойлоп Кайыпчал, / Бооз канчыктан бирди таап, / Жуунду берип кетирбей, / Багып жүрдү сак сактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чачыкейди албасам, / Бооз катының Айчүрөк, / Канжарлап кардын жарбасам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →