болушунча

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Болгонунча, бардыгынча, турушунча.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Болушунча Татыбек, / Минген атын камчылап, / Татыбектин тулпары, / Такымдан тери тамчылап, / Анталанын артынан, / Кирип келди жакындап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өтө андес Чакмакташ, / Андай эчен чапканды, / Жаздырып көнгөн чаптырбас, / Алдындагы тулпарды, / Болушунча камчылап, / Тоодой болгон Сазандын, / Ээк алдына өттү эле, / Ташка тийип найзасы, / Сан барча болуп кетти эле, / Пил экен минген аты деп, / Алдынкы ээрдин кашы деп, / Табарсыктын башы деп, / Найза менен муштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Боз улан, сулуу кыз албай, / Болушунча пул албай, / Буркутуп айдап мал албай, / Ала берсе арбын мал, / Эсине түшсө ушул эл, / Жамбашынан таш өтүп, / Калат экен жаталбай, / Дүнүйө мүлкүн албады, / Каратилге сөз берип, / Дөрбөн менен Отордун, / Хан көтөрдү ордуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…өн, / Куурдак менен чай койду, / Эзген курут аралаш, / Томоруп сары май койду, / Аңкагандар жутсун, деп, / Токтотуп койду бозону, / Кымыздан тарткан арактан, / Болушунча аны ичип, / Бата-дуба кылганда, / Дасторконун жыйганча, / Анан Кошой муну айтат: / Кана, балам Ажыбай, / Алда эмне ишиң бар? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Арзыбасаң алтынга, / Атагы казак журтумдун, / Төрт түлүктүү малы бар, / Болушунча айдап ал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →