болуш2
- Талаш-тартыштын бир жагын жактоо, ошонун таламын талашуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ой-пикирин угушуп, / Ойдо кеңеш кылышып, / Темирбекти өлтүрмөк, / Кеңеш буга тынышып, / Жетисууга Шоорукту, / Падыша кылмак болушту, / Убаданы бек кылып, / Олтурган жерде койушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Саз чылпылдап суу чыгып, / Какырдар арык коо чыгып, / Эки күнү -эки түн, / Эрикпестен күрөштү, / Эгем өзү билбесе, / Эми кандай болушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ортого антын койушуп, / Кудайлык дос болушуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Падыша өкмөтү буларды ар кайсы болуштан милдеттүү кылып жыйнап алган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Анда баягы кемпир-чал бир бирине сүйүнчү айтышып, абдан кубанычта болушуп, той беришип, атын Камыр балбан коюшуптур.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →