болумсуз
- Келишимдүү эмес, жагымсыз, начар.
- Жарабаган, арзыбаган, керексиз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Амал кылып көрөлү, / Ажал жетсе өлөлү, / Алыбыз кетсе сойолу, / Жалгыз көзүн ойолу, / Болсо эле жан көөдөндө, / Болумсуз кепти койолу, / Качпай өлгөн эрден деп, / Жакшы атак саа болсун, / Жолдошу Чубак экен деп, / Сөз чекеси маа болсун, - / Чубактан угуп бу кепти, / Уйаттан Алмаң…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ушул алачыктын ирегесине чейин шыкай камалып, айбандан айырмасы жок, болумсуз өмүр өткөрүп, биз да кыштан чыктык го!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Өзү салпайган бир болумсуз неме.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →