болтогой
- Толук, болпогой, эткелинен келген болук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айдар кара чачы бар, / Өңөргөн койдой кашы бар, / Жылкычынын отоосу, / Жолум үйдөй башы бар, / Эки бети болтогой, / Эки даңгыт тойгондай, / Мойну жоон букуйуп, / Далысы дүмдүк дукуйуп, / Төө кенедей кулагы, / Белгиси турат мулуйуп, / Шишик баскан немедей, / Булчуңдары дул…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мойну жикир, орто бой, / Беттери толук болтогой, / Далысы кең бел кыска, / Бендеден сөөгү бир башка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…диги, / Алты кулач бар эле, / Аны менен беттешкен, / Адамдын күнү тар эле, / Айгайлап сүрөөн сала албай, / Таталады Отогой, / Алты тайган тойгундай, / Эки бети болтогой, / Үңкүрдөй болуп ачылып, / Оозунан көбүк чачылып, / Алдында өлүп үч балбан, / Ичи жаман ачынып, / Алачыктай чокморду, / Көкчөгө салды качырып, / Көгала тулпар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Орто бойлуу болтогой, / Бети дулук томтогой, / Бул бадырек сүрөтү, / Түк адамга окшобой, / Мурду кечкил чокмогой, / Далысы кең, кууш айак, / Чокмор ооз, кир кабак, / Жалпак маңдай бир кулак, / Кулагындай эшектин, / Маңдайда турат салбырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →