болот

китептерде 51 жолу, 9 китепте
  1. Темир менен бир аз углероддун кошундусунан пайда болгон өтө катуу, курч металл.
  2. Учу болот бөрү тил, Найзанын жайын эми бил («Эр Табылды»).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тили таттуу бул элде, / Кеп тапкычы ал эле: / — Айкөл шердин тукуму, / Ак болоттун укулу, / Кайрылып келбей койчудай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алыстан келген жаш арстан, / Аппак темир болоттон, / Алты айлантып курчанып, / Кийгени темир көгөрүп, / Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тийсе болот-уу кошокон, / Салдым эле дарыны, / Баалап кетип Кененим, / Талаада өлүп калганбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Андан ары өткөндө, / Кетментөбө жер деген, / Келишимдүү эр деген, / Кендирбайдын кер көкүл, / Жетимдиктен жетилген, / Эркин өсүп керилген, / Ак болоттой келишкен, / Эрдиги артык теминген, / Жамынган аппак тону бар, / Жарадай сары аты бар, / Жыйырма беште жашы бар, / Он сегиз кез бойу бар, / Бул ааламдын баарысы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ак болоттун мизи урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →