болор-болбос

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Анча-мынча, бир аз, биртике, майда-чүйдө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Иш узартып жүрбөйлү, / Болор-болбос иш үчүн, / Күн узартып жүрбөйлү, / Тегеректей калалы, / Былк эттирбей булардын, / Колдорун байлай салалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ойумда турат элестеп, / Болор-болбос күмөнүм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ — Айтканың сенин, Адылбек, / Адам таппай калуучу, / Өтө кыйын иш эмес, / Болор-болбос немеге, / Чапкылатып жүрүүчү, / Жакып жакшы киши эмес! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
— деди Бурмаке кемпир, алаканын күнгө далдаалап, көзүнүн болор-болбос шооласы менен жасоолго шыкырайып туруп. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Экөөбүз жанаша жатып алып, болор-болбосту кеп уруп көпкө кожурашып алгандан кийин, ичибиз кайгыдан бошоп, көңүлүбүз сергип калгандай көрүнөөр эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →