болкулда

китептерде 9 жолу, 6 китепте
  1. Болк-болк этүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Калбай ыйлап болкулдап, / Бекбачадан башкасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…анга Чигитей: / — Ырас пейлиң ак болсоң, / Ырайым кылып тирүүгө, / Койбогон киши мен болсом, / Хан башың менен солкулдап, / Кара жашың төгүлүп, / Катуу ыйладың болкулдап, / Калтырбай бердиң барыңды, / Мен албаймын малыңды, / Ээлебеймин тагыңды, / Ээрчитип алып барайын, / Көрө кеткин, Ырыскан, / Атаман калган шаарымды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чойтолоң менен Тазкара, / Ата башка, эне бир / Бир катындын уулу элек, / Эми качып жүрөбүз, / Тапан хандан куугун жеп, / Ала турган сулуусун, / Тайгылдык жолдон канчык деп, / Сага келип кез болдук, / Жүрөк турат болкулдап, / Ажал айдап келдик — деп, / Тазкаранын бүттү кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сыр алдырбай чоң Кыйаз, / Жашыгансып солкулдап, / Ыйлап ийчү кептенип, / Тамагы кетти болкулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кесирлүү чунак баласың, / Бозуп жүргөн кыз болсо, / Болкулдап ойноп каласың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →