болкой
- Болпогой толук көрүнүү, болпоюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Майтору минип болкойуп, / Сырнайза колдо койкойуп, / Он бештеги жаш бала, / Опол тоодой зоңкойуп, / Арбак конуп шаңданып, / Көргөн бенде таңданып, / Ондон жыйырма кулжа бар, / Эки жа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Саламат кандай болду, деп, / Эр Кененим жолборстун, / Ойунда бар ушул кеп, / Кеңкула минип болкойуп, / Ээрчитип чыгып алашты, / Атасы өткөн Манастын, / Арбагына сыйынып, / Элин кайта кетирип, / Саламатты табам деп, / Залкарың эми аттанды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ырттын желиндей, / Сайышаарга жоо болсо, / Чоңдугу төөнүн нарындай, / Толкуну көлдүн шарындай, / Жумуру баш айры төш, / Пендеде мындай табылбай, / Алгара минип болкойуп, / Темирден найза койкойуп, / Барча тоодой зоңкойуп, / Турган экен жамынып, / Көзүнөн жалын чагылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Ортого алып абаңды, / Кырк кыз келет чубашып, / Суркойон менен Гүлчоро, / Семетейге жанашып, / Салам айтты заңк этип, / Семетей карап койгон жок, / Мурункудай жарк этип, / Унчукпай кетти бастырып, / Буурул менен болкойуп, / Ак шумкар колдо койкойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Суркойон минип болкойуп, / Сырнайза колдо койкойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →