болжолу
- Чамасы, сыягы, кыязы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Барбагын деп жатканда, / Изчиден келди бир бала, / Эл аралап, келдим, дейт, / Элдин сырын билдим, дейт, / Беш бөлүнүп аскери, / Бүгүн түнү болжолу, / Кирмек экен Таласка, / Бир бөлүгү катылмак, / Арбагы бийик Манаска.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эр Кесилет, Ачакан, / Дабытай баштап ал үчөө, / Келер кези болжолу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…гайлап, / Үзөнгүгө эр Сыргак, / Кобо калып тамандап, / Алдынкы ээрдин бек тиштеп, / Бере көргүн, деп тиштеп, / Туулгасы жок башында, / Кара кушу, деп тиштеп, / Болжолун алып бек тиктеп, / Колтугун Сыргак чойуптур, / Чокулата койуптур, / Күчтүү тийген балтадан, / Жолум үйдөй чоң башы, / Төрт талаа болуп жарылды, / Балтага мээси…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кабарын угуп Гүлүстөн, / Жалгызектин сураткан: / “Үч ай салып ойнойун, / Кайта өзүнө берейин, / Колун куру койбойун” / Деп анык айтып болжолун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ «Жакын экен болжолу, / Таанымал турат колдору.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →