болжолдуу

китептерде 38 жолу, 7 китепте
  1. Мурунтан белгиленген, болжол кылынган, болжолу, мезгили макулдашылган.
  2. Ачык белгилүү эмес, жоромолдуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Он беш күндөн калбай кел, / Болжолдуу күнү келбесең, / Утур келген кишиңди, / Бүтүрөмүн ишиңди, / Ойрон кылам шаарыңды, / Суудай төгөм каныңды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
— Кабарчы болуп калдаңдап, / Күн-түнү жок чабамын, / Сиз сыйактуу хандардын, / Барына кабар саламын, / Көрүнгөн жерге жатып – кооп, / Эркимче жүрө бергенде, / Болжолдуу күндөн каламын, / Карап туруп өзүмө, / Бир балааны табамын, / Агарып таң кеч кирер, / Апта кетер, ай кетер, / Айтышкан күнү барбасам, / Алмадай башка күч келээ… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күндүзү көөнүн кирдеткин, / Түнкүсүн катуу уктаткын, / Так ушундай баккын, — деп, / Бара албай жылкыга, / Накайыл болуп жатсын, — деп, / Болжолдуу күнү Айчүрөк, / Канаты күнгө жаркылдап, / Учуп кетти калкылдап, / Сейтек менен Гүлчоро, / Кетип барат балкылдап, / Тоотору менен Суркойон, / Алоолонуп алкылдап… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Болжолдуу күндөн калбайт — деп, / Жолуңду тосуп мен келдим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Болжогон кийин арт жагын, / Болжолдуулар айтканын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →