болжолдо

китептерде 52 жолу, 8 китепте
  1. Болжоп жоромолдоо, баамдоо, божомолдоо, чамалоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…тилим албаса, / Жеңемин деп Асылды, / Кыла берсе талпаза, / Өзү өлүп кетет”, деп, / Көкбөрүнүн акылы, / Атынектин көзүнө, / Айнектен тунук жарыйа, / Болор ишти болжолдоп, / Ойлоп турат карыйа, / Калың кошуун аскерге, / Көкбөрү келди аңгыча, / Каарданып карарып, / Кандуу бетке заар салып, / Жигиттер барып ат алып, / Алдыга асыл … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Таң агарган болжолдо, / Из таанылар болгондо, / Айкөлдүн уулу арстаның, / Ат изин чалып карады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арамдык кылып жалгыздап, / Бастырса өтөөр суу бойлоп, / Алмамбет анда соо койбойт, - / Болоор ишти болжолдоп, / Эр Чубакка туйгузуп, / Чубакты мында тургузуп, / Азганакей агын суу, / Алмамбет кетти бургутуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эртеси күнү болгондо, / Күн шашике болжолдо, / Кыздар менен Семетей, / Кырка чубап тургандай, / Ойго арыш алыптыр, / Ошондо карап тура албай, / Ойрон Гүлүс барыптыр, / Ээрчий жүрүп талыкпай, / Такыр кебин салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кылар ишин болжолдоп, / Ал Манастын тобуна, / Качырып кайра жетерде, / Хан Семетей баатырды, / Капталга койуп кетерде, / Кайгырбай да камыкпай, / Карап турат Семетей, / Калт этип коркуп элебей, / Көкжал туулган түгөнгүр, / Көрүнөө келген ажалды, / Бучкагына теңебей! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →