болжол
- Болжолдогон баам, жоромол, божомол.
- Болжогон мезгил, болжолдогон маал.
- Болжоп эсеп кылынган ченем, болжолдуу өлчөм.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кененимге мен бармын, / Каракөз алат коргонду, / Ушундай айтып болжолду, / Бабырышып оозунда, / Таласты алып болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айы-күнү болжолго, / Урчуктун сеңир дегенге, / Бир күнү келип чогулду, / Туш тараптан жол-жолдон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Куму сакадай быжырап, / Дагы келип торгоду, / Ыргытып жатат алыстан, / Эчен темир торлорду, / Акылы жок, айла аз, / Байкаса Сыргак болжолду, / Сырын билип сыздырып, / Сырттан Сыргак жойлоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Он экиге күн толду, / Оолугуп келген Кутургур, / Атын асып бир белге, / Өзү жатты бир жерге, / Тогуз күндүк болжол, деп, / Уйкум канса кобом, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алдынан тосуп барайын, / Болжол кылган күнүндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →