болжо
- Болжолдоо, жоромолдоо, ой жоруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эки күндү болжошуп, / Табышмак болду Медеркан, / Чаганчыда жол кошуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мурдатадан ойлогом, / Болорун жумуш болжогом, / Алты жылдан бер жакка, / Кардыгачтын ичине, / Жан бастырбай койгомун, / Жаш жыгачын чоңойтуп, / Кыйдырбастан коргодум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Болжоп жүрдүм Таласта, / Айдай жеңем Айчүрөк, / Сени үч жыл көтөрдү, / Арамкор Кыйаз шек санап, / Электен далай өткөрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Болжошкон жерге келгенде экөөбүз элдин артында калдык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Тогуз ай, тогуз күндү болжоп үйгө кел.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →