бокчо
- Капчык, баштык.
- Майда-чүйдө нерселер же баалуу буюмдар салып байлап, түйүп коюучу түйүнчөк.
- Баланы же бешикти өңөрүү үчүн ээрдин алды жагына коюла турган кичирээк таңгак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Барбасам болбойт, барам, — деп, / Мага керек болдуңар, / Жүргүлө отуз адам, — деп, / Отуз киши котчу алып, / Талап элди кетет, деп, / Кокустан ооган кол салып, / Ырысканга соога, деп, / Кылдап сонун бокчо алып, / Шоорук хан барып калыптыр, / Оогандын ханы Ырыскан, / Алдынан киши жиберип, / Тостуруп муну алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чубакка койгон бокчонун, / Ичинде олпок тону бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алты бедөө аталып, / Алты атанга арттырып, / Алтын-күмүш кошо алып, / Алты бокчо тон алып, / Алдына барды бүгүлүп, / Ал Бокмурун, хан Үрбү, / Ал-жайын айтып күңкүлдөп, / Албай турду далайга, / А, Нескара күркүрөп, / Анда Жолой мындай дейт: …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эңкейе түшүп Каныкей, / Он төрт бокчо колго алды, / Хандардын койуп алдына, / Каныкейдин айтканы: / — Бара турган жериңер, / Көрбөгөн жер, угушта, / Жери чаңдак шор деген, / Эли жакыр кор деген, / Айланасы көз жеткис, / Алтымыш капка жер деген, / Ошонун барын башкарган, / Коңурбай калча зор деген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →