бокто
- Жаман сөздөр менен тилдөө, сөгүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өлгүсү келип Чынаача, / Каны калбай ыраңда, / Уу ичкендей кубарып, / Жай булуттай сурданып, / Ачууланып акырып, / Шерлерин боктоп жапырып: / — Калганыңды такыр кой, / Өзүң келгин, Манас!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сагызган чукуп көздөрүн, / Карга боктоп тиштерин, / Кажыр жарар ичтерин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Түз сөзүн кылбай Чынкожо, / Айабай боктоп тилдеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бопоросун тартып болгон соң камчысын үйүрүп, боктоп, элди койдой ийрип, башыбызга үзүктү чүмкөп келип:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →