бокор

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Бастек, жапыс.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көрдөн ачып алгандай, / Жерден чыга калгандай, / Желмогуздай жаланып, / Жан-жагына каранып, / Хан Каракөз кошуна, / Кирип барды Койтолоң, / Бойу бокор, үнү жоон, / Мойну узун койколоң, / Салам айтып ханына, / Басып кирди жанына: / — Каракөз, сардар, ханыбыз, / Аман-эсен жаныңыз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бойу бокор, үнү жокор, / Бетпактын түрү ошондой. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бойу бокор тууралжын, / Үнү мунун ачуу заар, / Бели бүкүр, мойну ийри, / Кең көкүрөк, сом далы, / Керүүдөгү жалпактай, / Маңдайынын бырышы, / Эл жайлаган жылгадай, / Колдорунун салаасы, / Айууга окшойт чамасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…н хан, / Узун чапан жеңи жок, / Далбаңдаган Тапан хан, / Багалеги сүйрөлүп, / Балбаңдаган Тапан хан, / Ат баскан бака көздөнүп, / Тостоңдогон Тапан хан, / Бойу бокор, үнү жоон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…өн өттү тамам жан, / Кара болсун, хан болсун, / Жарды болсун, бай болсун, / Ачка болсун, ток болсун, / Дүмпөр болсун, шок болсун, / Колу жок болсун чолоңдоп, / Бокор болсун кодоңдоп, / Сокур болсун олоңдоп, / Узун болсун сороңдоп, / Мулук болсун молоңдоп, / Ороо болсун короңдоп, / Улук болсун урматтуу, / Сулуу болсун сымбат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →