боконо

китептерде 5 жолу, 5 китепте
  1. Жетим кабырга, кыска кабыргалар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сооту жок этине, / Баш боконо кабырга, / Кошулушкан четине, / Кайра айланып сайганда, / Жоон өпкөдөн кечире, / Сайган найза жеткени, / Өпкөнү кечип кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чоптор өтүк такасы, / Чойулуп Алмаң тепкени, / Чортоңдогон Карагул, / Бет алдынан кеткени, / Боконо сөөгү морт кетип, / Богу көттөн шорт кетип, / Кабыргасы карс этип, / Кара оозунан кан кетип, / Жер кучактап жыгылды, / Отко башы тыгылды, / — Көтөргүн, — деп, - башыңды - / Көй кашкалар жыйылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аңтарылып баратып, / Бүктөлүп бели карс деди, / Боконосу борт деди, / Богу көттөн шорт деди, / Ооз омуртка кырс деди, / Дем тарта албай шылк деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
— деп, / Боконо сөөгү болк этип: / — Сурадың, балам сен менден, / Жашырбаймын мен сенден, / Кекери кетпей энеңдин, / Ушул үйгө келгенден, / Күмүшбулак, Түзкерүү, / Бүткүл арка… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Мына ушуну укканда, / Калдайдын уулу капырдын, / Калк башкарган баатырдын, / Боконо сөөгү болк этип, / Ыргып кете жаздады, / Үзүлүп жүрөк болк этип: / “Э, капырай, Нескара, / Кечээ, Көкөтөйдүн ашында, / Көкжал төрө Манасты, / Алты хандын элинен, / Алты сапар көрдүм — деп, / Айттың эле ошондо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →