бокмурун
- Эси жок, энөө.
- Чоңоё элек, эс тарта элек.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайыпчы деген жер эле, / Кайыпчы мага берди деп, / Хан Көкөтөй алыптыр, / Алып барып багыптыр, / Малын чачып той берип, / Бокмурундун тойу деп, / Айтылып элге калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чакырчу элдин билгисин, / Ал күнү мага бергиле, / Бокмурундун айтканын, / Хан Үрбү кабыл алыптыр, / Кеңешке келчү кишиге, / Он беш күндө келүүгө, / Үрбү кабар салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бокмурундун эси жок, / Үрбүнү көрсөң күүлөнгүн, / Оң-тескери сүйлөнгүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
- / Анда Алмамбет муну айтат: / — Калкың укса, — деп айтат, / Башында бай Дербиштин малы экен, / Маралдай сыны бар экен, / Кең Ташкендин ойунда, / Бокмурундун тойунда, / Кунанында аттан чыгыптыр, / Куйундай сызат экен деп, / Кутманбай жайын угуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Башкара албай Бокмурун, / Баса албай кордугун, / Баарысынан эс кеткен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →