бойло
- Бир нерсенин тереңдигин, тереңдик өлчөмүн билүү үчүн башка бир нерселердин узундугу аркылуу ченөө.
- Жолдун, суунун ж. б. бою менен жүрүү, жээктеп жүрүү же алардын боюнан орун алуу, жээктей жайгашуу.
- Кандайдыр бир мезгил өлчөмүн, узактыгын билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Маңгыт калдык кеп баштап: / «Уйалба Курчун деп баштап, / Кыргыз деген эл экен, / Аба ачык, суу тунук, / Тоо бойлоп жүрүп ар кайда, / Тили тактын бири экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сыйлыгып көбү казактын, / Илени көздөй айланды, / Эбине келсе наары ашып, / Үч каркыра баргалы, / Же болбосо тоо бойлоп, / Капалга кетип калгалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Арамдык кылып жалгыздап, / Бастырса өтөөр суу бойлоп, / Алмамбет анда соо койбойт, - / Болоор ишти болжолдоп, / Эр Чубакка туйгузуп, / Чубакты мында тургузуп, / Азганакей агын суу, / Алмамбет кетти бургутуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Шалак-шулак жалтылдап, / Сууну бойлоп кундуздар, / Сүзүп барат кылкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эл дөңгө жуп чыгып, ары карай ашып кеткен кезде биз ошол кабакты бойлоп, төмөн карай кирип кеттик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →