бойкат
- диал. Кош бойлуу, боюнда бар, бооз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
ээк чал калды, / Кызыл муштум ал калды, / Жетимиш менен он үчтүн / Ортосунда калбады, / Кыз төрөгөн айалды, / Эркек бала туубай, деп, / Андан бетер кыйнады, / Бойкат болгон айалдар, / Кыз төрөсөм кантем деп, / Ого бетер кыйналды, / Колго түшкөн биздерге, / Жакшы-жаман бир ооз кеп, / Эр Бактыбай кылбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Бекбача, / Хан Калдыктын зарпынан, / Аттанмак болуп сапарга, / Беттибетке тапшырып, / Жайылманы Бекбача: / — Эрди-катын болгон соң, / Эркек-айал бой коштук, / Бойкат болсо Жайылма, / Эркек болсун, кыз болсун, / Өзүң билип ат койгун, / Мен туудум деп Жайылма, / Катынсың атын койбогун, / Өлбөй тирүү болгондо, / Кайрылып сапар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…айган кез эле, / Арадан отуз жыл өтүп, / Кечигип бара жатканда, / Тууган энем Чыйырды, / Ырым кылып ушундай, / Каныкейге берди эле, / Семетей төрөп алды эле, / Бойкат болуп ошол жай, / Ажеп эмес Кенжеке, / Баштагыдай жол жолдоп, / Төрөп калсаң сен деле, / Айкөлдөн угуп Кенжеке, / Бойуна болуп эми эле, / Эркек төрөп алгандай,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куйалы балбан шол жылы, / Бойкат болуп уул тууп, / Атын койду Кененим, / Ошол болуп чыгат го, / Жалаңгыч сарык дегениң, / Эми калган кеп болсо, / Кененимге улантып, / Анан айтып берейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бойкат анын катыны, / Сак туулса ал бала, / Жана салат чоң жаңжал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →