бойдон

китептерде 288 жолу, 10 китепте
  1. Атооч жөндөмөдөгү зат, шилтеме ат атооч менен айкашып, бардыгы, бүткүл, бүтүн деген маанини түшүндүрөт.
  2. - ган формасындагы атоочтук менен айкашып, мезгилди, абалды билдирет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Койгон бойдон Малабек, / Козубекке жеткени, / Козубекти атына, / Мингизип жаткан кездери, / Карасурга хан Калдык, / Кайра минди камданып, / Кандуу найза карманып, / Козубек менен Алабек, / Катар сайды кара нээт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сурмалуу көздү көргөндө, / Султандын уулу Чунактын, / Суу агып бойдон жуурулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Шайтаны бойдон күбүлсүн, / Акимсинген бул бурут, / Аманат жандан түңүлсүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каныкейден кеп кетип, / Тепелең деген бир келин, / Чуркаган бойдон ал жетип, / Көрүнүп турган өпкө-боор, / Ичеги, карын, жумурун, / Беш жеринен кескени, / Канчоро өлүп кетти эми, / Кылчайып туруп ошондо, / Каныкей айткан бир к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бала сүйүнгөн бойдон ага жүгүрүп барып салам айтса, жигит атына камчы уруп, чү деген боюнча кетти. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →