бойдок
- Үйлөнбөй жалгыз бой жүргөн адам.
- өт. Жүктөлгөн жүгү жок, бош коштолгон унаа.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…бөлбөй, / Колдогу малды аз көрбөй, / Көкчө минер аты жок, / Колунда жок жардыдан, / Короосунда койу жок, / Колунда бодо барынан, / Койнунда жаткан катын жок, / Бойдок жүргөн баарыдан, / Катын алса мал керек, / Малсыз катын аа бербес, / Конок келсе кой керек, / Зарыктырбай кой берсе.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ындан кайгы жебеймин, / Мени койуп кабылан, / Өзүңдүн камың кылып бак, / Карабөрк менен Накылай, / Катыным деп ойлопсуң, / Карап көрсөм мен бүгүн, / Кадимкидей бойдоксуң, / Алмамбеттен кеп угуп, / Айалың болбойт, деп угуп, / Алакеңден эр Манас, / Бастырып өтүп кете албай, / Накылай менен Карабөрк, / Же үйүнө барып түшө албай, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…р, / Чоңойгондо Бадыкүл, / Опсуз балбан болуптур, / Атасынан бешбетер, / Бет алган жакты соруптур, / Пендеден башка чоңойуп, / Тең жаткандай катын жок, / Жалаң бойдок болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тетиги кыргыз Таласта, / Өлүп кеткен Манасча, / Мурункудай кыргыздар, / Намыстын жолун талашса, / Саадагын асып соот кийип, / Самсалап мага жанашса, / Бооз катынын жарамын, / Бойдок кылам уланын, / Боздотомун жубанын, / Порумун бузам булардын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Мунусу бойдок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →