бой

китептерде 1060 жолу, 10 китепте
  1. Адамдын, айбандардын денесинин тике турган абалдагы бийиктиги.
  2. Бир нерсенин тикесинен эсептегендеги узундугу.
  3. Адамдын жалгыз өзү; өзүнүн керт башы, жалгыз, үй-бүлөсү жок.
  4. Көлдүн, суунун, жолдун ж. б. жээги, жаны.
  5. жанд. м. Атооч жөндөмөдөгү атооч сөздөрдү жандап мезгил өлчөмүн, чегин билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ачууланып Бекбача, / Өзүңдү өзүң көтөрүп, / Мактанбагын сен анча, / Бойуң тоодой болсо да, / Мен турганда сен канча?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…бар, / Көзү казган ородой, / Жатып копкон жерин көр, / Элүү кой жатчуу короодой, / Кашы менен кирпиги, / Карагайдын чериндей, / Тиштери арсак кырчактай, / Кара бойу мунардай, / Колу- буту чынардай, / Оозу тоонун үңкүрү, / Бул өңдөңгөн адамды, / Мындан мурун ким көрдү, / Касабасы калкылдап, / Кара бойу бүт темир, / Күн чагы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чубак, Сыргак бой уруп, / Аралап кирди көп элге, / Адам аккан бул селге, / Торун топтоп кармашып, / Тобу менен жармашып, / Эр Сыргакка он миңи, / Тегеректеп тор салып, / Канча тордун ичинде, / Сыргак калды капталып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айаш атам Момунжан, / Кашкардагы Токто сарт, / Чүрөк жеңем келтирди, / Бириңдин жараң бүтүрдү, / Бириңди бойго жеткизди, / Айла менен амалдап, / Таласка кайта келтирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Аны менен жүрүп олтуруп, кан дагы бир үйгө келсе, ал үйдө бир кемпир бойго жеткен баласы экөө олтуруптур. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →