бозор
- Кубаруу, боз тартуу, өңү өчүү.
- Тунаруу.
- Томсоруңку суз тартуу, өкүттө калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…н атты көр, / Азууларын аркайтып, / Ат өлүгү ар тоодой, / Муруттарын шыйпайтып, / Эр өлүгү бир тоодой, / Көгөргөн чөптөн калган жок, / Баары чамбыл болуптур, / Бозоргон топо калган жок, / Баары саргыл болуптур, / Ой-чуңкурдун баарысы, / Уйуган канга толуптур, / Коргонго кирген бет алып, / Коросондун кошуунун, / Беттеп кирген К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бозорук таң атканда, / Боз торгой сайрап жатканда, / Хандын баары калдаңдап, / Камчысын сүйрөп далдаңдап, / Таңдагы нашта даамын, / Ашпоздору тез камдап, / Айкөл баштап бардык хан, / Кыргыл баштап кырк арстан, / Жапырт жүрүп бастырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Учун канга чыкташып, / Ак көбүктөп кан агып, / Барган сайын күчөшүп, / Сапырылып жаткан кум, / Мейкин түздү чаң басып, / Тополоң уйу, тоз учуп, / Бозоргон чөлгө жарашып, / Жандары чыдап тура албай / Найзалашып сайышып, / Найзаларын кагышып, / Балталашып чабышып, / Балтанын сыртын жарышып, / Кызыл жалын от кетип, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыйазды баштап бозортуп, / Кайсы жакка кетесиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Намазга турду камынып, / Келди булар кезеги, / Акундун кызы Айчурөк, / Желбегей желек жамынып, / Кызыл өңү бозоруп, / Ант ичкенге окшонуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →