бозой
- Кырчын жаш жигит, боз улан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жөө күрөшкө ар качан, / Индыстан Түктүүкурт, / Ошол чыгат жулунуп, / Жээниң Бозой абаке, / Барбай туруп албасын, / Башын катып кулуйуп, / Түктүү куртту мен көрдүм, / Ар кандай адам корккудай, / Түрү суук тулуйуп, / Эмчеги турат салаңдап, / Э…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түктүүкурт байге алат деп, / Түңүлгөн хандын баарысы, / Жалгызектин Бактыбай, / Бозойго жакын барышы: / — Жээним Бозой, кен элең, / Сыртыңдан сынап билчүмүн, / Жумуру баштуу айры төш, / Адамзаттан эр элең, / Индилерден Түктүүкурт, / Майданга келип…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…/ Таңгут, маңгут кошулуп, / Тыргоот, ойрот бир болуп, / Урумдагы уссундан, / Кеңеште бар көп адам: / “Аш берем деп Бекбача, / Алпыбызды өлтүрүп, / Түктүүкуртту Бозойго, / Шыбыш берип жайлатты, / Алыскы жерге атты чаап, / Аны мындай айдатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бар кийимин чечтирди, / Короодо бозой жылаңач, / Бүт кийимге жеткирди, / Алып кирип баланы, / Сылап-сыйпап жаткырды, / Сүйүнгөндөн Чыйырды, / Уктабай таңды аткырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алп Бозойго жеткен жок, / Угулуп кабар ушул кеп, / Не сурайсың, жаш бала, / Бул эмне кептир, деп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →