боздо

китептерде 56 жолу, 10 китепте
  1. Жоктоп, издеп муңкана үн салуу (төөгө карата).
  2. Буркурап муңдуу ыйлоо.
  3. Муңкануу, зарлап какшоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ноңпа деген жер экен, / Такыр кыргыз эл экен, / Карыларын какшатып, / Катындарын боздотуп, / Такыр талап алыптыр, / Черчендеги кыргызга, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…барсылдак, / Алай-дүлөй тарсылдак, / Кагышып жарак карсылдап, / Кандай заман болот, деп, / Калың журт турса кан какшап: / Коктуларда топ болсо, / Коркуп балдар боздосо, / Эркин басып бээ саабай, / Керилген келин, боз улан, / Жер кемерде жок болсо, / Менин баатырлыгым бекер!”–деп, / Жылдырып тууну көтөрүп, / Ээн жайлоонун айаг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Мылтык алды, жаа алды, / Мылтык алып тарсылдап, / Жебе тартып зыркырап, / Салмоордун ташы чыркырап, / Асманга учуп топурак, / Милтенин баары кызыл чок, / Боздоп учат аткан ок, / Жандан тойуп кыргыздар, / Баарысында жан-ман жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…астырып: / Алдына киши чаптырып, / Арууке менен Көрпөйан, / Үстүнө кара жаптырып, / Айылга чукул келгенде, / Камчыны тайап бөйрөккө, / Арстан Манас көкжалың, / Боздоп турду бакырып: / — Алмамбет, Чубак – эгиз эр, / Акжолтой тууган берендер, / Алдымда турса бел эле, / Артымда сан кол эл эле, / Жоого чыкса эр эле, / Жойкундага… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Чыныбек тайлак болуп муңканып, эки көзүнүн жашын мончоктотуп төгүп, боздоп турду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →