боз1

китептерде 370 жолу, 10 китепте боз 2 →
  1. Ак менен караны аралаштырганда пайда болгон, ачык эмес чаңгыл түс, бозомук агыш түс.
  2. Ак же агыш түс (жылкыга карата).
  3. Мунарык.
  4. Чөп өспөгөн талаа.
  5. Бой тартып өсүп эр жетип калган жаштардын курагын, бозойлук куракты билдирүүдө колдонулат; Кыз-келин менен өң боз бала көлдүн кылаасына чыгышты, (Сыдыкбеков).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Шаңкайдын эли шалдайып, / Үпөндүктөн ажырап, / Боз ала болуп олтурса, / Баарыдан жаман иш турат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгып башына, / Дүрбүсүн алып ашыга, / Алмамбет айткан байагы, / Туңша жагын караса, / Тополоң уйуп, тоз түшүп, / Күн күлгүңдөп боз түшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колунда барлар тура албай, / Семетейдин алдына, / Кунан байге чаптырып, / Күмбөздү тайып түлөөгө, / Коондой бээни жардырып, / Ак бозунан алдырып, / Ай тамактап чалдырып, / Кемегесин каздырып, / Көп казанды астырып, / Калбай кыргыз көп келди, / Кара курттай кыжылдап, / Бар казанда май кайнап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Атасынын көрү, солдатка баргыча ушул жерден эле өлүп беребиз — деп күүлөнөт бир кур боз балдар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Андан көрө мына бул өзөнгө барсаң Чоң Боз Бээ баткакка тыгылып жатат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →